Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын сунушу каралды

10-05-2023
15:57

Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунушу каралды.

Алгач жыйында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова аталган сунуш тармактык комитетте каралып, четке кагуу чечими кабыл алынганын маалымдады.

Ал эми фракция лидери Адахан Мадумаров Баш мыйзамдын 44-беренесинде пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес болушу керектиги так көрсөтүлгөнүн эске салып, ал талап аткарылышы зарыл экенин кошумчалады. Андыктан аталган ченемди аткара албай жаткан Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат ордунан бошотуу сунушу киргизилгенин билдирди.

Жыйында түрдүү пикирлер жана сунуштар айтылды.

Анын ичинен депутат Мирлан Самыйкожо жетекчилерди кызматтан кетирүү менен маселе чечилбестигин айтып, андан көрө биргелешип Конституциядагы ченемдерди кайрадан карап чыгуу сунушун көтөрдү.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш тармактык комитеттин сунушту четке кагуу тууралуу чечимин колдоду.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү