Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Ж.Нурбаев: "Орус жергесиндеги эмгек мигранттарынын 30%ы такси кызматтарында иштейт"

19-05-2023
11:18

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун, ошондой эле Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Жалолидин Нурбаев парламенттин Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү менен УТРКнын Биринчи радиосунун биргелешкен "Эл өкүлү" долбооруна катышты.

Уктурууда парламенттеги ишмердүүлүгү менен тааныштырган депутат, ушул жылдын башында Россия жергесине барып, мигранттардын ал-абалы менен таанышып келгендигин билдирди.

"Алыстагы эмгек мигранттарынан талап кылынган медициналык кароодон өтүү, карызкор эместигин аныктаган маалымкат, кара тизмеде бар-жогун тактоо шарттары эми Россияга барганда эмес, ошол сапарга аттана электе өз жергебизде гана жүргүзүлө турган болду. Бул тууралуу элчиликтер, консулдуктар менен биргеликте иш алып барып жатабыз", - дейт депутат.

Ошондой эле “Россия жергесинде жүргөн кыргызстандыктардын 30%ы такси кызматтарында иштейт. Алардын адал иштеп, адеп күткөнү мамлекетибиздин дарегине жакшы пикирлерди жолдоого негиз жаратууда", - деген депутат бул пикир жакында эле Мамлекеттик Думанын Төрагасы В. Володин, Федерация Кеңешинин Федерация жыйынын Төрайымы В.Матвиенко менен өткөн жолугушууда айтылганын эске салды. 

Муну менен катар өлкөнүн агрардык тармагында кезигип жаткан ийгиликтер менен катар, көйгөйлөр тууралуу сөз кылган депутат Нарын облусунун Ак-Талаа районунда иш сапары менен болуп келгендигин айтты. "Ал жерде жер кыртышы жакшы болгону менен, суунун тартыштыгы көйгөйлүү маселе. Андыктан, Айыл чарба министрлиги менен жагдайды жакшыртуу жактарын бирге талкууладык", - деген эл өкүлү  угармандардын да жер маселесине, кенемте төлөө тартиптерине, Баткен окуясына катышкандардын макамын аныктоого, дары-дармектердин тартыштыгына, спорт тармагына байланышкан суроолоруна жооп берди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү