Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Парламенттик делегация Малайзиянын Инвестицияларды өнүктүрүү башкармалыгынын Аткаруучу директору Нажихан Абас менен жолугушту

25-05-2023
12:39

Жогорку Кеңештин депутаттары Малайзия мамлекетиндеги иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Инвестицияларды өнүктүрүү башкармалыгынын Аткаруучу директору Нажихан Абас менен жолугушту.

Кошумчалай кетсек, парламенттик делегациянын курамында депутаттар Мурадил Сыдыков, Бактыбек Чойбеков, Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Медербек Саккараев, Гүлшаркан Култаева, Тазабек Икрамов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Эльмурза Сатыбалдиев жана Жылдыз Садырбаева бар. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча Кыргызстанда көрүлүп жаткан чараларга токтолду.  

Муну менен катар  малайзиялык ири ишканаларды тартуу менен Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу демилгесин сунуш кылды. Тагыраагы, транспорттук-логистикалык түйүндөрдү жана финансы-экономикалык борборлорду курууга чакырды. 

Малайзиянын Инвестицияларды өнүктүрүү башкармалыгын Аткаруучу директору Нажихан Абас парламенттик делегациянын Малайзиядагы иш сапары өтө маанилүү болгонун белгилеп,  азыркы тапта Борбордук Азия аймагы, анын ичинен Кыргыз Республикасы инвестиция үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири катары каралып жатканын билдирди. Ошондой эле Нажихан Абал Малайзия кыргыз тарап менен биргеликте Кыргыз Республикасынын потенциалдуу инвестициялык долбоорлорун изилдөөгө даяр экенин кошумчалады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун потенциалдуу багыттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын тиешелүү түзүмдөрүнүн жолугушуусун уюштурууну макулдашышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү