Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү

25-05-2023
11:52

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бир катар социалдык-экономикалык маселелерине көңүл бурушту.

Алсак, депутат Дастан Бекешев 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө 16 жашка чейинки балдардын ата-энелерине 3-5 саат бош убакыт берүүнү сунуштады.

Ал эми эл өкүлү Эмил Токтошев Бишкектеги “Батуми” кафесинин бузулушуна көңүл буруп, бул окуя шаар куруу документтеринин жана Башкы пландын так эместигинин кесепети экенин белгилеп, бул багытты иш алып барууга чакырды.

Депутат Миргул Темирбаева айыл чарба продукциясын чек арадан алып чыгууга, өзгөчө тез бузулуучу жер-жемиштерге карата чектөөлөрдү алып салуу зарылдыгын айтып, товарларды тоскоолдуксуз экспортто, ишкерлерди колдоо маселесин ортого салды.

Өз кезегинде эл өкүлү Шарапаткан Мажитова учурдагы тоскоолдуктар жана текшерүүлөр ишкерлердин сыртка кетишине алып келерин, ошондуктан бизнес климатты жакшыртуу керектигин айтса, депутат Бакыт Тентишев жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында Чоң Чүй каналынын жээгине тосмо орнотуу сунушун кошумчалады.

Депутат Надира Нарматова роялти салыгын кайтарууну сунуштап: «Бул норма Салык кодексинен VI-чакырылыштагы депутаттар тарабынан алынып салынган. Мисалы, Ноокат району Кызыл-Кыя цемент заводунан 119 миллион сом албай калды. Жыйынтыгында салыктык жоготуулардан улам Кулатов айыл өкмөтүнүн 45 миллион сом карызы пайда болду», - деген эл өкүлү маселени кайра кароону сунуштады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү