Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Жыйында баяндама жасаган Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, мыйзам долбоору жер мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.
Ага ылайык, долбоордо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин жаңы 2121 (Айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө) жана 2122 (Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга алып келүү) беренелер менен толуктоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси камтылган.
Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов жерди пайдалануу үчүн документтерди мыйзамсыз берген жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын билдирди. Ал эми эл өкүлдөрү Дастан Бекешев, Марат Мураталиев айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу үчүн айыл өкмөт башчыларын жоопкерчиликке тартууну сунуштаган норманы кайра карап чыгууну сунушташты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү