Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Медиация жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда кабыл алынды

25-05-2023
12:58

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Медиация жөнүндөгү» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору түзөтүү мекемелеринде медиация институтун толук кандуу ишке ашыруу үчүн мыйзамдык шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Алсак, жазаны өтөөдө медиация процессин ишке ашырууга, медиациянын шарттарына жана медиация келишимине карата талаптарга толуктоолорду киргизүү, кодекстердин аталыштарын шайкеш келтирүү жана мыйзамдын мазмунунан «жорук» деген сөздү алып салуу боюнча түзөтүүлөр каралууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү