Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште жашыруун кумар оюндарын уюштурууга бөгөт коюу маселеси каралды

25-05-2023
15:50

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети болуп жашыруун (мыйзамсыз) кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө, анын ичинен оюн автоматтарын пайдалануу менен жасалган мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу, аларга жашы жете электерди тартууга өбөлгө түзүүчү шарттарды четтетүү, мыйзамсыз оюндарды уюштуруучулардын жана катышуучулардын жоопкерчилигин күчөтүү саналат.

Талкуу маалында депутаттар жашыруун кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү иштери менен күрөшүү маселелерине токтолуп, жарандарды мындай оюндардын терс кесепеттеринен коргоо максатында укуктук механизмдерди жана көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Муну менен катар депутат Эльвира Сурабалдиева веб-кам студияларынын жайылып кетишине тынчсыздануусун билдирип, бул виртуалдык аянтчалар сойкулуктун, мыйзамсыз жана моралдык жактан туура эмес иш-аракеттердин бир түрү экенин белгилеп, бул көрүнүш менен активдүү күрөшүүгө чакырды.

Ал эми эл өкүлү Гуля Кожокулова жашыруун оюндар олуттуу коомдук көйгөй экенин жүйө келтирип, анын алдын алуу үчүн катуу чараларды көрүүнү сунуштады. Тагыраагы, депутаттын айтымында мыйзамсыз кумар оюндары менен натыйжалуу күрөшүү үчүн жөн гана административдик эмес, кылмыш жоопкерчилигин киргизүү керек. 

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү