Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга багытталган макулдашуунун долбоору жактырылды

25-05-2023
16:17

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2023-жылдын 31-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Кыргыз Республикасында “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорун (KEMS) колдоо үчүн бирдиктүү донордун траст фондунун каражаттарынын администратору катары чыгуучу) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов баяндама жасады. Анын айтымында, аталган макулдашуунун алкагында “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Швейцария Конфедерациясынын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы (СЕКО) тарабынан 3 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык каражат алуу максатталган.

Тагыраагы, долбоор аркылуу электр энергиясындагы жоготуулардын деңгээлин төмөндөтүү, каражат чогултуу абалын жакшыртуу, электр менен камсыздоонун ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн арттыруу, аварияларды азайтуу жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын көтөрүү аракети көрүлөт.

Ага ылайык, гранттык каражаттар “Түндүк электр” ААКга, “Ошэлектр” ААКга, “Чыгыш электр” ААКга жана “Жалалабатэлектро” ААКга, алар менен Банктын талаптарына жооп берген шарттарда макулдашуулар түзүлгөндөн кийин, которулат.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү