Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Р. Жакышов: "Энергетикалык суусундуктар менен электрондук сигареттерди жарнамалоого тыюу салынат"

31-05-2023
12:01

Бүгүн, 31-май чылым чегүүгө каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Жаш балдар арасында  энергетикалык суусундуктар менен электрондук сигареттерди жарнамалоого да тыюу салынып жатат. Бул тууралуу ЖК депутаты Русланбек Жакышов ушул эле күнү  "Парламент" радиосуна курган маегинде айтып берди. Балдардын психикасына зыян келтирген интернеттеги терс жорукту жайылткан контенттерге да бөгөт коюу жагы сунушталууда. Бул маселе Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракетенүү боюнча комитеттин жыйынында талкууланганда депутат Русланбек Жакышев бул мыйзам долбоорунда энергетикалык суусундуктар менен электрондук сигареттерди жарнамалоого да тыюу салууну кошумчалаган эле.

Эл өкүлү көтөрүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана  “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, ден бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептүүлүк жактан өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө", “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуумыйзам долбоору депутат Жамиля Исаева тарабынан демилгеленип жаткандыгын белгиледи.

Заманга жараша компьютер балдардын “досу”, “жардамчысы”, калса берсе “тарбиячысы”, “мугалими” да  болуп калды. Ошентсе да бул багытты көзөмөлдөн чыгарбоо керек. Анткени, айрым маалымат агымдары баланын психикасына терс таасир эткен учурлар бар, - деген депутат, -  бул иште өлкөнүн Ички иштер жана Саламаттык министрликтери менен санарип тармагын тескеген ведомство биргеликте иш алып баруу талаптары коюлду, - дейт. Антпесе, айрым өспүрүм балдарга издөө жарыяланганда интернет клубдарынан табылган учурлар жолугуп жатканын маалымат каражаттарынан окуп калган жайбыз бар, - деди Р. Жакышов.

Компьютер оюндары, уюлдук байланыш, жарнама, өзгөчө “Интернет” тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылган балдар менен иштей турган мектептердеги социалдык педагогдорго, аймактык милициянын тескөөчүлөрү менен медициналык кызматкерлерге жетиштүү көңүл бурулушу шарт, - деп кошумчалады депутат.  

 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү