КСДП фракциясы БШК мүчөлүгүнө Адилет Сатыгуловдун талапкерлигин жактырды

17-06-2016 14:47

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер көрсөтүлдү. Эске салсак, мурда БШК мүчөлүгүнө Ирина Карамушкинанын талапкерлиги көрсөтөлүп жатканы тууралуу маалымдалган.

Жыйын жүрүшүндө фракция башчысы Иса Өмүркулов жакындан депутат Ашэра Халикова өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн токтотконун, жакын арада депутат Галина Скрипкина Евразия экономикалык бирлигинин судьялыгына кете турганын эске салды. «КСДП фракциясынын курамында аял депутаттар азайып жатат. Эгер Ирина Кармушкина БШК мүчөлүгүнө шайланып калса, депутат боло албай калат. Ошондуктан, башка талапкерди кошо көрсөтүү милдети турат», - деди ал.

Фракция мүчөлөрү бул сунушту колдоп, БШК мүчөлүгүнө Адилет Сатыгуловдун талапкерлигин жактырды.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 598

Окшош жаңылыктар