Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Нурланбек Шакиевдин Казакстан Республикасындагы расмий иш сапары башталды

26-06-2023
09:57

Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстан Республикасынын Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий иш сапары менен барды.

Алсак, расмий иш сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой эле Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев жана Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, Төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев коштоп барды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү