2016-жылдын республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнө өзгөртүүлөр киргизилүүдө

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүнө, салыктык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн киргизилгендигине байланыштуу 2016-жылдын бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнө түзөтүү киргизүү зарылдыгы келип чыккан. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Ошентип, республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 125 955,8 млн сом көлөмүндө болжолдонууда, бул 2016-жылдын такталган бюджетинен 1 556,2 млн сомго көп. Бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 148 007,7 млн сом деӊгээлинде белгиленет, бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 1 154,3 млн сомго көп.

Бюджеттин тартыштыгы 22 051,8 млн сом деӊгээлинде болжолдонууда, бул ИДПга карата 4,9 пайызды түзөт. Бюджеттин тартыштыгын жабууга 22 051,8 млн сом көлөмүндө каржылоо булагы каралган. Анын ичинде, ички булактар боюнча 676,3 млн сом өлчөмүндө терс сальдо каралды, тышкы булактар боюнча 22 728,1 млн. сом оӊ сальдо каралды.

Белгилей кетсек, өткөн 10 айдын жыйынтыгында өлкө экономикасынын макроэкономикалык өсүшү ички дүӊ өнүмгө карата 2,7 пайызды түздү.

Каржы министри буга чейин табигый кырсыктардан жабыр тарткан жарандарга ссуда берүү жаатында талаш пикирлер болгонун, бирок азыркы учурда аларга ссуда берүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин, ошондон улам мындай сууданы бюджеттин чыгаша бөлүгүнөн чыгарып, ссуда бөлүгүнө которуп берүүнү өтүндү. Бюджеттин бул бөлүгүндө бир аз каражат бар, андан жыл аягына чейин 180 млн сом турак жай тастыктамасын берүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Андан сырткары, каржы министри 2016-жылдын аягында бюджеттин корголбогон статьялары 4 млрд сомго чейин каржыланбай калуу тобокелчилиги бар экенин моюнга алды. Анын каражаты Балык-Корумду жолу сындуу бир катар шашылыш долбоорлорду каржылоого жумшалган.

КР ЖК Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар