2017-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 828,6 млн сом өлчөмүндө каралууда

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2017-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 828,6 млн сом өлчөмүндө каралууда. Бул 2016-жылга бекитилген бюджеттен 2 428,9 млн сомго көптүк кылат.

Ал эми 2018-2019-жылдаргы мезгилге карата республикалык бюджеттин кирешелери 129 769,1 млн сомду жана 138 188,3 млн сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2017-жылга 150 150,5 млн сом өлчөмүндө каралууда. Бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 3 297,1 млн сомго көп.

Ал эми 2017-жылга республикалык  бюджеттин тартыштыгы 23 321,9 млн сомду түзө турганы белгилүү болду. Бул ички дүӊ өнүмгө карата 4,7 пайызды түзөт. Бюджет тартыштыгын жабууга 23 321,9 млн сом көлөмүндө каржылоо булагы каралган.

Тармактык комитетте 2017-жылдын республикалык бюджетинин долбоорун талкуулоо жолжоболору улантылууда.

КР ЖК Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар