Тармактык комитет 2017-жылдын бюджетинин долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды

2016-жылдын республикалык боюджетинин «капиталдык курулуш» статьясына 2,9 млрд сом каралган. Ошондон улам, Өкмөт тарабынан Каржы министрлигине келерки жылы бул статьянын каражатын 5-6 млрд сомго чейин көбөйтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча 2017-жылдын республикалык бюджетинин долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2017-жылдын республикалык бюджетинин жалпы кирешеси 126 828,6 млн сом өлчөмүндө каралууда, бул 2016-жылга бекитилген бюджеттен 2 428,9 млн сомго көптүк кылат.

Ал эми 2018-2019-жылдаргы мезгилге карата республикалык бюджеттин кирешелери 129 769,1 млн сомду жана 138 188,3 млн сомду түзөт. Бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2017-жылга 150 150,5 млн сом өлчөмүндө каралууда. Бул 2016-жылдын бекитилген бюджетинен 3 297,1 млн сомго көп.

Ал эми 2017-жылга республикалык  бюджеттин тартыштыгы 23 321,9 млн сомду түзө турганы белгилүү болду. Бул ички дүӊ өнүмгө карата 4,7 пайызды түзөт. Бюджет тартыштыгын жабууга 23 321,9 млн сом көлөмүндө каржылоо булагы каралган.

Талкуу жүрүшүндө комитет мүчөлөрү өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алды. КР Өкмөтүнө республикалык бюджеттердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү, бюджет тартыштыгын кыскартуу, бюджеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу, жаӊы кирше булактарын табуу, бюджеттик чыгымдарды азайтуу жаатында бир катар тапшырмаларды берилди.

Тармактык комитет «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда жактырып, парламенттин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

КР ЖК Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар