Чыгармаларды рельефтүү - чекиттүү шрифт менен кайра чыгаруунун жолдору караштырылууда

Көрүүсү бузулган адамдардын билимге жана маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 28-ноябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды. 

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д. Бекешев, Т.  Икрамов, Н.Никитенко, А.Шыкмаматов, А. Өмүрбекова, Е. Строкова жана К. Иманалиев.

Баяндама жасаган депутат  Д.Бекешевдин айтымында, бул ирет Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда.

Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюмуна катышуучу мамлекеттер 2013-жылдын 27-июнунда азиздердин жана көрүүсү бузулган адамдардын же басылма маалыматтарды кабылдоого жарамдуулугу башкача  чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларга жетүүсүн жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимин түзгөн. Бул келишимдин максаты азиздердин жана көрүүсү бузулган адамдардын же басылма маалыматтарды кабылдоого жарамдуулугу башкача  чектелген адамдардын кызыкчылыгында милдеттүү күчкө ээ болуучу бир катар чектөөлөрдү жана өзгөчөлөнтүүлөрдү белгилөөдө турат.

Автордук укук жөнүндө мыйзамдар укук ченемдүү жарыяланган чыгармаларды рельефтүү-чекиттүү шрифт менен же азиздер үчүн атайын түзүлгөн ыктар аркылуу эркин түрдө (автордун макулдугусуз жана ага сый акы төлөбөстөн) кайра чыгарууга жол берет. Ошентип, мындай өзгөчөлөнтүү азиздерге гана таркалат жана кайра чыгаруу укугу менен гана чектелет. Ошол эле убакта Марракеш келишими чыгарманын жеткиликтүү форматтагы нускаларын пайдалануу мүмкүндүгүн азиздерге карата эле эмес, көрүүсү бузулган адамдарга (бенефициарларга) карата да колдонууну карайт. Жеткиликтүү форматтагы нускаларды, Марракеш келишимине ылайык, ыйгарым укуктуу органдар даярдайт, мындай органдарга башкалар менен бир катарда, белгилүү бир талаптарды сактоо менен китепканалар жана билим берүү уюмдары кирет.

Ошондой эле санариптик чөйрөнүн шарттарында маалыматка жана билимдерге жетүүнү камсыз кылууга багытталган өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Бул түзөтүүлөрдө  авторго же укукка ээлик кылуучуга таандык чыгарманы алар аныктаган шарттарда жана мөөнөттөрдө  бекер пайдалануу үчүн кайсы болбосун жактарга мүмкүндүк берүү каралган.

Мындан тышкары, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамда мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн чыгырмаалрдын статусун так аныктоо сунуш кылынат. Атап айтканда, мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн чыгармаларга карата мамлекеттин мүлктүк укуктарын бекемдөө каралган. Бул түзөтүү түзүлүүчү жана нускалануучу окуу китептер жана окуу материалдар менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун Өкмөт колдой тургандыгын билдирди. Депутат Р.Момбеков дагы бул маселенин маанилүүлүгүн айтып, билим берүү тармагындагы китеп чыгаруу ишинде билинбеген менен коррупцияга байланган көрүнүштөр арбын экендигин мисалга келтирди. "Буга орто мектептер үчүн чыгарылган математика китебине улуту армян өкүлдүн аралашып, бекер жерден каражат таап жаткандыгы далил. Окуу китептери канча жолу басылып чыкса, ошончо ирет калем акы алган авторлор бар. Жөнөкөй эле мисал. Тамак-аштын рецебин ойлоп тапкандар деле "Менин ойлоп табуум",- деп тамак жасалган сайын каражат сурай бериш керекпи? Бул кызыктай көрүнүш болуп жатпайбы?!",- дейт Р.Момбеков.

Талкуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы






Окшош жаңылыктар