“Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясы “Кыргыз темир жолунун” жүк ташуучу вагондор менен камсыздалышы боюнча маалымат угушту

17-06-2016 16:08

Бүгүн, 17-июнда “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында “Кыргыз темир жолу” улуттук компания” мамлекеттик ишканасын жүк ташуучу вагондор менен камсыз кылуу жана “Кристалл” ААКнын балансындагы темир жолдорду “Кыргыз темир жолунун” балансына өткөрүп берүү маселелери каралды.

“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев совет маалында бул ишканада 2300 вагон болгон болсо, бүгүнкү күндө 616 вагон калгандыгын, калгандарынын колдонуу мөөнөтү бүтүп, колдонуудаг чыгарылгандыгын, жүк ташууда вагон менен камсыздоо республиканын түштүк аймагында 30-50% экенин маалымдады. Бүгүнкү күндө ишкананын вагон паркын толуктоо максатында “Кыргыз-Россия” фондунан насыя алып 100 вагон сатып алуу боюнча иш алпарылып жатат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Абдыкапар Султанов учурда “Кыргыз темир жолунундагы" вагон жетишсиздиги көйгөй жаратып, коңшу мамлекеттерге ири көлөмдө көмүр экспорттоого кедергисин тийгизип жаткандыгын баса белгиледи.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев ишкана тарабынан темир жолдун чирип бүткөн шпалдары алмаштырылбай жатканын, күйүүчү май баштаган айрым товарларды жогорулатырлган баада сатып алып жатканын, ички жүк ташууларда, маселен, көмүр ташууда жолдо уурдоолор бар экенин тизмектеп, “Кыргыз темир жолунун” жетекчилигин сынга алды.

Депутат Абумажит Юсуров темир жол – бул транспорттун пайдалуу түрлөрүнүн бири экенин, түштүк аймакта вагондор менен камсыздоого суроо-талап бар экенин, вагондор сатылып алынса алар өзүн-өзү тез эле актаарын айтып, вагон сатып алууга эмне тоскооолдук болуп жатканына кызыкты.

Жыйынга чакырылган КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун орун басары Мурадил Жумадилде уулу “Кристалл” ААКнын балансындагы темир жолдорду “Кыргыз темир жолунун”балансына өткөрүп берүү боюнча КР Өкмөтүнүн 2015-жылдагы тапшырма аткарылбай келе жаткандыгын маалымдады. Фракция депутаттары “Кыргыз Темир жолу” ишканасы 100% мамлекеттики болсо, “Кристалл”заводуна баруучу 6 темир жолдун жери мамлекеттикке таандык болсо, анда эмне үчүн аны “Кыргыз темир жолунун”балансына өткөрүлүп берилбей жаткандыгын такташты.

Жыйынтыгында КР Өкмөтүнө “Кыргыз Темир жолу” ишканасын жүк ташуучу вагондор менен менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн кароо, бул ишкананы өнүктүрүү максатында жыл ичинде тапкан пайдасын, толугу менен өзүнө калтыруу тапшырмалары берилди. Ошондой эле “Таш-Көмүр” станциясындагы темир жол бекетинин имаратын жана 2, 3, 4, 5, 9, 10 темир жолдорун “Кыргыз Темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берүү жагы дагы аткаруу бийлигине жолдонду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 712

Окшош жаңылыктар