Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Надира Нарматова: "Аманатчылар менен насыя алуучулардын укуктары бирдей корголот"

06-09-2023
16:53

Ислам принциптерине таянып, шарият тартибине төп келген насыялоо иштерин бир гана Экоисламик банкы эле эмес, ага катарлаш бирдей шартта иш алып барып жаткан айрым коммерциялык банктар дагы жүргүзүп жаткандыгын атоого болот. Бул тууралуу маалымат берген Жогорку Кеңеш депутаты Надира Нарматова бүгүн, 6-сентябрда "Парламент" радиосунда болду. 

Эл өкүлү "Банктык аманаттарды коргоо жөнүндөгү" мыйзамдын өзгөртүүлөрү тууралуу түшүндүрмө берип, банктарга депозит ачкандардын каражаттары эгер алар ишенип каражат салган банктары жоюлуп, банкротко учурай турган болсо 1 млн сомго чейинки суммасын төлөп берүүгө мамлекет Депозиттерди коргоо боюнча агенттик аркылуу кепилдик берет, - деп билдирди. Ошондой эле насыя алуучулардын укуктарын коргоодо шарият талаптарына шай шартта иш алып баруунун бутактарын кеңейтүү багытында да иштер жүрүп жаткандыгын айткан Н.Нарматова, - бул негизде өзүнчө мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын маалымдады. 

Парламентарий айымдын ырасташынча, ислам шартында иш алып барган насыя берүүчү банктар ден соолукка зыяны бар товар түрлөрүн соодалаган ишкерлер менен кызматташпайт. 

 

 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү