“Сөөктү 5 жыл ичинде эритип жок кыла турган зыяндуу химиялык заттар кошулган “товар” түрлөрү жаш балдарды оң жолдон адаштырып, көп айлык төлөнөт деген жарнамалар аркылуу кылмыш торуна түшүрүүдө. Бул боюнча мага кайрылган шайлоочуларым болду. Эмне себептен, ушул иштин башында турган жашыруун уюмдарды ачыктап, чара көрүлбөй жатат? Лабораториялардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынып жатабы? Улут келечеги үчүн тынчсыздандырган мындай жагдайлар көз жаздымда калтырылбашы керек!” - деген кабатырлануусун билдирип, Жогорку Кеңеш депутаты Шарапаткан Мажитова бүгүн, 7-сентябрда “Парламент” радиосунда болду.
Электросигареттердин да жаш балдарга жеткиликтүү болуп жаткандыгы өтө опурталдуу. Мындай кооптонууларга кол шилтеп коюуга болбойт. Жаштардын келечеги үчүн жапырт камкордук көрөлү. Чет мамлекеттердин дээрлик бардыгында зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салынган. Бизде да мыйзам күчтүү иштеши керек, - дейт депутат.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү