Бүгүн, 11-сентябрдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген.
Жыйында баяндама жасаган айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов белгилегендей, Кыргызстандын аймагында эпизоотиялык амандыкты жана тамак-аш коопсуздугун жана айыл чарба жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Алсак, мыйзам долбоорунун милдети болуп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине айыл чарба жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн тийиштүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен боштуктарды четтетүүгө жана жасалган укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтерди ыйгарым укуктуу органдардын ыйгарым укуктарына ылайык аныктоо саналат.
Баяндамачы кошумчалагандай, укук бузуулардын сунуш кылынган түрлөрүнүн айыптарынын өлчөмдөрү Кодекстин 31-беренесине ылайык алардын оордугун жана укуктук кесепеттерин эске алуу менен аныкталды.
Талкуу маалында депутат Султанбай Айжигитов баяндамачыны Баткендин экономикасын өнүктүрүүгө багытталган “Теке секирик” долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгып, тиешелүү иштерди тездетүүгө чакырды. М.Раматов долбоорду ишке ашыруу үчүн кытайлык «Хуанхэ» компаниясы тандалып алынганын, долбоордун бардык документтери менен камсыздалганын маалымдады.
Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова малчылар үй жаныбарларын идентификациялоону өз каражаттарынын эсебинен жүргүзө тургандыктары тууралуу сөз кылып, штраф салардан мурда тиешелүү министрлик зарыл шарттардын барын түзүп бериши керектигин белгиледи.
Мындан тышкары, комитет мүчөлөрү ветеринария жаатындагы, адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калкты коргоо, өлкөнүн аймагында эпизоотиялык амандыкты жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндү маселелерди талкуулашты.
Муну менен катар депутат Жаныбек Кыдыкбаев ветеринардык дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө байланыштуу мыйзам талаптарына токтолду. Ал атамекендик өндүрүштүк базанын, лабораториялардын жана башка инфратүзүмдөрдүн даяр эместигин жана импорттук дары-дармектерге дагы эле чоң көз карандылык бар экенин айтты. Буга байланыштуу эл өкүлү бул мыйзам долбоорун кабыл алуу, анын ичинен штрафты киргизүү да эрте экенин белгилеп, мыйзам долбоорун четке кагып, кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү сунуштады.
Талкуунун соңунда комитет мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун четке кагышты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү