Бүгүн, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кара-Суу айыл аймагындагы № 56 К.Кулназаров орто мектебинин ачылыш аземине катышты.
Алсак, 150 орунга ылайыкташкан, эки кабаттуу заманбап мектептин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 43 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев жаңы окуу имаратын жергиликтүү эл көптөн бери күтүп келе жатканын белгилеп: «Мамлекет тарабынан мурда курулушу башталып, бирок токтоп турган имараттарды аягына чыгарууга өзгөчө көңүл бурулууда. Буга биз бүгүн ачылыш аземин өткөрүп жаткан К.Кулназаров атындагы мектеп анык мисал. Андан тышкары, жаңы мектептерди куруу иштери да кызуу жүргүзүлүүдө. Алсак, Аксы районунда дагы алты мектеп салынып, жакынкы аралыкта ишке берилери күтүлүүдө”, – деди.
Муну менен катар мамлекеттеги жаңыланууларга токтолуп, акыркы жылдары республикалык бюджеттин көлөмү үч эсеге өскөнүн эске салды. Тагыраагы, үч жыл мурун бюджеттин 240 млрд сом болсо, бүгүнкү күндө 600 млрд сомго жеткенин белгиледи.
Андан соң Төрага Авлетим айыл аймагында жайгашкан № 25 К.Алымкулов атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Эскерте кетсек, аталган мектептин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, ага 66 млн сом каралган. Эки кабаттуу окуу имараты 225 орунга ылайыкташкан.
Иш-чарада өлкө келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы мектептер, бала бакчалар, түрдүү социалдык мекемелер салынууда. Бүгүнкү ачылып жаткан окуу имараттары да мунун анык мисалы. Мындан ары өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган ушундай алгылыктуу кадамдар улантылып, ири долбоорлор ишке ашырылат. Алсак, кийинки жылы Мукур айылынан Кербен шаарына чейинки жолду жаңылоо пландалууда”, – деди.
Кошумчалай кетсек, Нурланбек Шакиевди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тармактык жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп жүрөт.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү