Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоо боюнча бир катар эл аралык келишимдер каралды

11-09-2023
16:09

Бүгүн, 11-сентябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Тагыраагы, «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча техникалык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу»; «2023-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 км» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»; «2023-жылдын 12-майында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6-197,6 км” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлору.

Талкуу маалында депутат Таалайбек Масабиров аталган кредиттерди берүүнүн шарттарына кызыкса, эл өкүлү Надира Нарматова Ноокат районундагы жол курулушун бүтүрүү маселесин көтөрдү. Мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматты Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев берди.

Комитет ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы стратегиялык пландаштыруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлорун экинчи окууда карап, жактырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү