Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитет Нарын облусунун эли менен жолугушту

11-09-2023
18:10

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 10-11-сентябрда Нарын облусуна болгон көчмө жыйындын алкагында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жергиликтүү эл менен жолугушуп, Нарын облусундагы көйгөйлүү маселелерди талкуулашты.

Күн тартибиндеги негизги маселелерден бири болуп Нарын облусунун экономика тармактарынын жана калкынын 2023/2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жана Кара-Кече көмүр кениндеги ишканалардын ишмердүүлүгү каралды.

Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров баяндама жасашты.

Алардын айтымында, Нарын облусунун бюджеттик мекемелерине, жылуулук ишканаларына жана калкына жалпы 127 миң 840 тонна көмүр отуну керектелет. Анын ичинен: билим берүү тармагына 17 миң 721 тонна, саламаттык сактоо тармагына 1 миң 724 тонна, маданиятка 461 тонна, кесиптик билим берүүгө 370 тонна, чегара кызматына 590 тонна, ички иштер башкармалыгына 515 тонна, жаза аткарууга 70 тонна, социалдык өнүктүрүүгө 104 тонна, облустун жылуулук берүү ишканаларына 13 миң 885 тонна жана калкка 92 миң 400 тонна.

4-сентябрга карата билим берүү тармагына 4140 тонна, саламаттык сактоого 508 тонна, маданиятка 43 тонна, жалпы 4691 тонна тартылып, бюджеттен каржыланган социалдык мекемелер боюнча пландын (план 20276 тонна) 23% түзүүдө. Жылуулук ишканасына 2077 тонна тартылды. Тартылган көмүр отунунун жалпы көлөмү 7358 тонна түзөт. Бул иштер белгиленген графикке ылайык улантыла берерин кошумчалашты.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча белгиленген иштерди мөөнөтүндө аткарууну тиешелүү жетекчилерге табышташты.

Алсак, жыйындын жүрүшүндө 1-октябрга чейин бюджеттик мекемелерди, экономикалык субъекттерди жана калкты жеткиликтүү баадагы көмүр менен камсыз кылуу, көмүр өндүргөн ишканалардын жүргүзүп жаткан иштери, сапаттуу кесек көмүр отунунун даярдалышы, ошондой эле көмүр сатуучу кампаларын уюштуруу маселелери каралып, депуттатар тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилди. Муну менен катар көмүр кендерине баруучу жолдордун абалы, тараза-көзөмөл постторунун иштөөсүнө да басым жасалды.

Мындан тышкары, жергиликтүү тургундарга Кара-Кече көмүрүн сатууга эч кандай тыюу салынбаганын, бул тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтар ишенимсиз экенин түшүндүрүлдү. Буга жергиликтүүлөр тиешелүү министрликке бул маселе боюнча калк арасында кошумча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүнүштү.

Ошондой эле жыйынга катышкан жарандар «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин тез-тез алмашып турушу ырааттуулуктун жоктугуна алып келип, өндүрүш процессине терс таасирин тийгизип жатканын белгилешти.

Жыйындын соңунда комитет мүчөлөрү бардык көтөрүлгөн маселелерди өз көзөмөлүнө алып, өз ыйгарым укуктарынын алкагында оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтөрүн белгилешти.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү