Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет “Баткен облусунун статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карады

12-09-2023
11:11

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында  “Баткен облусунун статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору  экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Чынгыз Ажибаев, Жалолидин Нурбаев, Ырысбек Атажанов, Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Миргүл Темирбаева, Камила Талиева, Медербек Алиев, Алишер Козуев жана Султанбай Айжигитов тарабынан демилгеленген. 

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Чынгыз Ажибаев белгилегендей, Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа кошумча материалдык, финансылык жана техникалык ресурстарды талап кылат. Тагыраагы, мыйзам долбоорунда аталган мамлекеттик программага жыл сайын  берилүүчү кошумча субсидиялардын көлөмүн 1,5 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө аныктоо сунушталууда.  

Министрлер кабинетинин өкүлү аталган мыйзам долбоору боюнча бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлбөгөндүгүнө байланыштуу терс корутунду бар экенин белгиледи. Депутат Чынгыз Ажибаев каражаттын өздөштүрүлбөй жатышы финансы каражаттары жыл аягында бөлүнүп жаткандыгынан улам болуп жатканын белгиледи. Депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны кабыл алуу үчүн Министрлер кабинетинин оң корутундусу зарылдыгын белгиледи. Депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорлорун кароодо анын маанилүүлүгүн эске алуу керектигин баса белгиледи. "Мыйзам долбоорун Баткен облусунун маселелери бүгүнкү күндө актуалдуу жана маанилүү экендигин эске алуу менен кабыл алуу зарыл",-деп белгиледи ал.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова Баткен облусу үчүн 1,5 млрд сом каражатты табуу керектигин айтты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү