Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Комитет “КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карады

12-09-2023
11:58

Бүгүн, 12-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында  “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экирчи окууда каралды.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары Ж.Таалайбек кызы, М.А.Абдалиев, Ч.И.Ажибаев, Н.А.Азыгалиев, Н.О.Сыдыгалиев, У.З.Ормонов, Ы.Ы.Атажанов, А.Т.Эрбаев, А.А.Айдарова, М.А.Маматалиев, Т.Т.Мамытов, Э.К.Кокулов, Т.А.Масабиров, В.К.Раимбачаева, К.К.Сулайманов, Э.Т.Токтошев, И.А.Масалиев, Н.Я.Алимжанова, Д.А.Джумабеков, А.Т.Маткеримов, Ж.Коргонбай уулу, А.Б.Кенжебаев, Ө.М.Бакиров, М.О.Темирбаева, М.М.Мураталиев, С.А.Омурзаков, К.А.Талиева, Г.О.Култаева, Г.С.Молдобекова, Ж.П.Нурбаев, Дж.К.Исаева, З.Д.Мамасадыков.

“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 4-пунктунун талабы төмөндөгүдөй баяндалган: “1. Кеңештин курамына сунушталуучу адамдар: 4). кайсыдыр бир саясий партияда турбоого тийиш;”. Жогорку Кеңештин депутаттарынын белгилүү бир бөлүгү саясий партиялардын тизмеси боюнча же саясий партиядан талапкерди көрсөтүү жолу менен шайланганын жана/же келечекте шайлана тургандыгын эске алуу менен, конституциялык мыйзамдын бул редакциясы эл тарабынан шайланган депутаттардын белгилүү бир бөлүгүнүн Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин курамына шайлануу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө жол берет. Ошону менен бирге, “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда ченем камтылган, ага ылайык саясий партияга таандыктыгы аныкталса, Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин шайланган мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулат.

Комитет ошондой эле, “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун колдоого алды. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү