Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет «КР айрым мыйзам актыларына жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды

12-09-2023
15:54

Бүгүн, 12-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган Марлен Маматалиев белгилегендей, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуучу же жок кылуучу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү пайдаланууда жеңилдиктерди берүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдун жашыл жана туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Тактап айтканда, Бишкек шаарындагы ышты азайтууга салым кошуу максатын көздөйт.

Алсак, сунушталып жаткан түзөтүүлөргө ылайык, электромобилдер жана башка транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун жашыл түстөгү номердик белгилерин пайдалануу үчүн Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте жеңилдиктер каралган.

Мындай жеңилдиктер болуп төмөнкүлөрдү төлөөдө төмөндөтүлгөн ставка саналат: кыймылдуу мүлккө салыкты; транспорт каражатынын каптал айнектерин жана алдыңкы эшиктерин караңгылатууга уруксатты тариздөө үчүн; жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айып пулду; транспорт каражаттарын каттоо же кайра каттоо үчүн; транспорт каражаттарынын муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотмолорунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн» жана башкалар.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Искендер Матраимов мыйзамдын келечекте ишке ашуусуна кызыгып, турак жайларга берилүүчү жеңилдиктерди тактады. Депутат айлана чөйрөнү коргоо мыйзамынан башка тармактагы документтерди өзгөртүүгө мүмкүн эместигин белгиледи.  Ал эми, депутат Алишер Эрбаев мыйзам долбоорундагы айрым кемчиликтер боюнча айтып, тактоо киргизди. Депутат Эмил Жамгырчиев мыйзам долбооруна карата тиешелүү кызматтардын оң жана терс корутундуларын тактады.  “КРда мыйзам жана сот алдында баары бирдей – деген принципке айып акчаларга жеңилдик берүү жагдайы карама-каршы келет”,-деди депутат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Марлен Маматалиев кийинки окууда мыйзам долбоорундагы айып акчаларга жеңилдик берүүнү камтыган пунктун алып салууну колдоду.  

Мындан сырткары, комитет отурумунда «2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору тууралуу юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун максаты 2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында кол коюлган, 1996-жылдын 26-августундагы Граждандык жана жазык иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү