Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев Корея Республикасынан келген “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Хие Ги Бок баштаган өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Аталган коомдук кайрымдуулук фонд Кыргызстанга бир топ жылдан бери социалдык жактан колдоо көрсөтүп келет.
Депутат Максатбек Сарбагышев кыргыз элине ар дайым социалдык жактан колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
“Сиздердин жардамыңыздар менен Ысык-Көл облусундагы элдин бир топ социалдык, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрү чечилгени турат. 13 жылдан бери карапайым калтын муктаждыктарын жеринен көрүп, алардын бакубат жашоосуна салым кошуп жатканыңыздарга ыраазыбыз”,-деди эл өкүлү.
Өз кезегинде, “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Хие Ги Бок эки элдин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да жакшыртуу ниетинде экенин билдирди.
Кошумчалай кетсек, аталган кайрымдуулук фонд эл өкүлүнүн сунушу менен Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айыл аймагына жана Балыкчы шаарынын карамагында турган Орто-Токой, Таш-Сарай айылына, Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Дача айылдарына мектеп окуучулары үчүн кичи автобус белекке бергени айтылды. Бул демилге Хие Ги Бок мырзанын Кыргызстанга болгон буга чейинки сапарында убадаланган.
Ошондой эле, жолугушууда Ысык-Көл облусунун экологиялык көйгөйлөрү, бейтапканаларды заманбап жабдуулар менен камсыздоо маселелери айтылды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү