Бүгүн, 13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады.
Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети болуп жашыруун (мыйзамсыз) кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө, анын ичинен оюн автоматтарын пайдалануу менен жасалган мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу, аларга жашы жете электерди тартууга өбөлгө түзүүчү шарттарды четтетүү, мыйзамсыз оюндарды уюштуруучулардын жана катышуучулардын жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат.
Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун кабыл алышты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү