Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Эльдар Сулайманов жана Чынгыз Ажибаев медициналык мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле онкология боюнча адистешкен эксперттер менен жолугушуу өткөрүштү.
Депутат Эльдар Сулайманов маалымдагандай, колдонуудагы «Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө» мыйзамда зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик монополия белгиленген. Ал эми жеке ооруканалар паллиативдик жардам гана көрсөтө алышат.
«Июнь айынан бери эксперттер менен биргеликте медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында бул тармакка жеке менчик формасын киргизүүгө багытталган тиешелүү мыйзам долбоорун даярдай баштаганбыз. Бирок жакында Министрлер кабинети тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна жаңы кодекс киргизилип, анда, тилекке каршы, эски норма сакталып калган. Учурда бул мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды», - деген Э.Сулайманов экинчи окууда тиешелүү сунуштарды киргизүүнү көздөп жатканын билдирди.
Өз кезегинде депутат Чынгыз Ажибаев депутат көтөргөн демилгени колдоп, анын кабыл алынышы медицина илиминин жана анын натыйжасында өлкөбүздө медициналык туризмдин өнүгүшүнө түрткү болорун кошумчалады.
Талкуу маалында онкологиядан жабыр тарткан адамдардын атайын адистиктеги медициналык жана социалдык жардам алышы боюнча пикир алмашуу болду. Жыйындын катышуучулары депутат тарабынан котөрүлгөн демилгени колдоп, муну менен катар, жеке клиникалардын рак ооруларына диагноз коюу, аларды дарылоо жана алдын алуу боюнча бардык белгиленген стандарттарды сактоо зарылдыгын белгилешти.
Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү