Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар Данияр Төлөнов, Искендер Матраимов, Алишер Козуев жана Абдыбахаб Боронбаев Катта-Талдык айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолугушту

13-09-2023
16:49

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Искендер Матраимов, Алишер Козуев жана Абдыбахаб Боронбаев жергиликтүү кеңештердин тажрыйбасын жана потенциалын жогорулатуу максатында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактын учурдагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрү талкууланып, бир катар актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Алсак, жергиликтүү кеңештин депутаттары айылга жаңы мектеп куруу, ошондой эле Машрап-Сай дарыясынын жээгиндеги дамбаны бекемдеп, 15 чакырымга созулган ирригациялык канал куруу маселесине тынчсыздануусун билдиришти. Алардын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу жалпы аянты 2-3 миң гектардан ашкан айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыздайт.

Көңүл бурган дагы бир маанилүү жагдай – жергиликтүү мектептеги мугалимдердин жетишсиздиги болду. Депутаттар жолугушууда айтылган бардык маселелерди көзөмөлүнө алып, өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө көмөк көрсөтүүгө убада беришти.

Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү