Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште медициналык буюмдарды жана дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзам долбоорлору талкууланды

14-09-2023
13:43

Бүгүн, 14-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө”, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, биринчи мыйзам долбоору медициналык буюмдарды жүгүртүү циклинин бардык этаптарында жөнгө салууну карайт жана сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында медициналык буюмдарды жүгүртүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерге колдонулат.

Ал эми “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда мамлекеттик жөнгө салуу системасын жана электрондук башкарууну ишке ашырууну өркүндөтүүнү эске алуу менен толуктоолор, жаңы беренелер киргизилди, өзгөчө кырдаалдар шарттарында өлкөнү дары каражаттары менен камсыздоо маселелери, анын ичинде, дары каражаттарынын жок калуу жана таңкыс болуу коркунучу эске алынды, ошондой эле, улуттук мыйзамдарды ЕАЭБ актылары менен, анын ичинде, дары каражаттарын импорттоо жана экспорттоо боюнча шайкеш келтирүү маселелери эсепке алынды.

Талкуу маалында депутаттар медициналык буюмдарды жана дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча маселелер тууралуу пикир алышып, алардын коопсуздугун жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Андан сырткары, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын сапатын жана эффективдүүлүгүн камсыздоо, бейтаптардын укуктарын коргоо жана коомдун саламаттыгына байланышкан көптөгөн көйгөйлөр ортого салынды.

Алсак, депутат Мирлан Самыйкожо дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеп жаткан мыйзамсыз схемаларга токтолуп, бул тармакта ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Муну менен катар, депутат Сүйүнбек Омурзаков тез арада социалдык мамлекеттик дарыканаларды түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул долбоор калктын бардык катмары үчүн дары-дармектерге болгон жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган.

Алишер Козуев психотроптук дары-дармектердин дарыканаларда тоскоолдуксуз сатылып, өспүрүмдөрдүн колуна тийген учурларды мисал келтирди. Ал мындай дарыларды сатууга көзөмөлдү күчөтүүгө чакырып, мыйзамсыз колдонуунун алдын алуу жана өсүп келе жаткан муунду мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо үчүн ыкчам чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү