Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төраганын орун басары Джамиля Исаева Дүйшөмбүдө өткөн Борбор Азиядагы лидер аялдардын аймактык жыйынына катышты

14-09-2023
14:26

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаева Борбордук Азиянын мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусунун алкагында Борбордук Азиянын лидер аялдарынын диалогунун мүчөлөрүнүн аймактык жолугушуусуна катышты.

Аталган иш-чара Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарында “Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу контекстинде гендердик теңчиликке жетишүү” аттуу темада өттү.

Джамиля Исаева сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иши, анын ичинен гендердик теңчилик маселелерин стратегиялык документтерге, мыйзамдарга киргизүү тууралуу айтып берди.

Алсак, «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, 2022-жылдын октябрында климаттын өзгөрүшүнүн гендердик аспектилери боюнча максаттарды камтыган 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясы бекитилген.

Төраганын орун басары ошондой эле климаттык максаттарга жетүүдөгү аялдардын маанилүү ролун белгилеп, Кыргызстан тоолуу аймактардагы климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө эл аралык жардамды кубаттай турганын кошумчалады.

Сөзүнүн соңунда Джамиля Исаева аялдардын демилгесин турмуштун бардык чөйрөлөрүндө активдештирүү – өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

Белгилек кетсек, жыйынга Диалогго катышкан өлкөлөрдүн парламентарийлери, мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү