Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2027-жылга чейин өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды

13-09-2023
15:00

 

Бүгүн, 13-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2027-жылга чейин өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин токтом долбоору тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев тааныштырды.

Анын айтымында, жаңы Конституцияда КР Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары, анын көзөмөлдөө функциялары өзгөргөн, буга байланыштуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө негизги көңүл бурулду. Нурланбек Азыгалиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин стратегиясында 2027-жылга чейин парламенттин алдына коюлган жаңы максаттар жана милдеттер камтылган. Ал стратегияда “Санариптик парламент”, “Онлайн отурум”, “Парламенттин теле-радиостудиясы”, “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору”, “Мыйзам долбоорлорунун сапаттуу экспертизасы”, «Парламенттик көзөмөл», «Постмыйзамдык көзөмөл», «Мыйзам чыгаруудан кийинки көзөмөл», «Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн социалдык тармактарда чагылдыруу», «Ачык комитет», «Коомдук талкуу», «Талдоочулардын мектеби», «Ченем жаратуу мектеби», «Электрондук петициялар», «Аналитиктердин мектеби», «Депутаттын электрондук коомдук кабылдамасы» сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу каралганын билдирди.

 Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү