Жогорку Кеңеш Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК иштөө бөлүмү менен УТРКнын “Биринчи радиосу” биргелешип даярдаган “Эл өкүлү” программасынын бүгүнкү, 15-сентябрдагы чыгарылышына “Ишеним” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Айсаракан Абдибаева катышты.
Уктуруунун жүрүшдө эл өкүлү Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Угармандардын песиялык фонд, каржы сабаттуулугу, саламаттык сактоо тууралуу суроолоруна жооп берди.
“Дары-дармектердин сапатын, алардын баасын көзөмөлдөө боюнча ишти бири-биринин функцияларын кайталаган ведомстволор эмес, “Кыргызфармация” ишканасы өз милдети катары тааныса, - деп Саламаттык сактоо министрлигине сунуштадым”, - деди депутат.
“Ошондой эле шайлоочулардын өтүнүчтөрү менен иштөөдө казинолордун, лотоборборлордун жабылышына кезегинде салым кошконума сыймыктанам. Бул багытта убагында депутаттар Т.Зулпукаров, Б.Жетигенов жана реаблитациялык борборлор менен иштешип, жаш муундарды кумар азгырыгынан арачалап калууга аракетимди жумшадым”, - деди А.Абдибаева.
Депутат ошондой эле насыя алуучулардын укуктарын коргоо, берилген каражаттардын үстөк пайыздарын азайтуу негиздериндеги элдин суранычтарын мыйзам чегинде чечүүгө далалат жасалып жаткандыгын белгиледи.
Уктуруунун соңунда депутат ата-энеден алган таалими, адамгерчиликтин улуу сапаттары тууралуу да ой бөлүштү.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү