Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Мекенчил» депутаттык тобу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүн карады

15-09-2023
12:12

Бүгүн, 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-2023-жылдардагы аткарган жумуштары жана 2024-жылга карата иш пландарын каралды.

Алгач, транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев тармакта аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди. Министр белгилегендей, 2022-жылы жол тармагына мамлекеттик бюджеттен 8 млрд 76 млн сом, 2023-жылы 3 млрд 623 млн сом каражат каралган. Анын эсебинен республика аймагында 382 км жолго асфальт төшөө иштери аткарылса, инвестиция тартуунун натыйжасында 106 чакырым жол курулган.

Талкуу маалында депутат Улан Бакасов 2023-жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча салынып жаткан жолдордун курулушу боюнча тактап, алардын жыйынтыгына кызыкты.  Депутат Нарын жана Ат-Башы райондорунда курулушу кечигип жаткан жолдордун маселесин көтөрүп, аларды жыл соңуна чейин аягына чыгаруу сунушун берди. Депутат Ырысбек Атажанов болсо, Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Айдаркен шаарларындагы, Кадамжай районундагы ички жолдор боюнча маселеге көңүл буруп, элдин суроо-талаптарын айтты.

Ал эми, депутат Айбек Осмонов Ош облусунун Ноокат-Араван райондорун бириктирген Жапалак унаа жолунун курулушун өз убагында бүтүрүү маселесин көтөрүп, Учар айылында курулушу башталбай жаткан 3 км жолдун тагдырына кызыкты. Депутат Шайлообек Атазов Бишкек шаарын айланып өтүүчү Дордой базары тарабындагы жолдун четинде көмүр-отун сатууга чектөө коюуну талап кылды. Депутат Карим Ханджеза Сокулук жана Москва райондорунда быйыл курулушу жүрүп жаткан жолдордун маселесин көтөрүп, капиталдык оңдоодон өткөрүүгө муктаж болгон жолдор боюнча тактады. Тогуз-Торо районунда быйыл планга киргизилген 3 км жолдун курулушун тездетүүнү айткан депутат Айбек Алтынбеков, аймактагы жол тейлөө ишканаларын атайын техникалар менен камсыздоо жагдайына кызыкты. Ошондой эле Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр унаа жолунун курулушун баштоо, райондук автобекетти Базар-Коргон шаарынын карамагына өткөрүү сунушун берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Кундузбек Сулайманов Таш-Көмүр-Аксы унаа жолунун курулушундагы кемчиликтерден улам кылмыш иши козголгон аймактык жетекчи боюнча маселеге көңүл буруп, Токтогул районунун ички жолдорунун курулушуна кызыкты. Депутат Равшанбек Рысбаев ири жолдордун курулушундагы тендерлерге ата-мекендик компаниялардын катышуусуна мүмкүнчүлүк жаратуу сунушун айтып, Ош-Ноокат жолунун курулушун бүтүрүү жараянын министрден тактады. 

Парламенттеги “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев жол тармагында соңку учурда алгылыктуу иштер аткарылып жатканын айтып, депутаттар тарабынан айтылган бардык маселелер көңүл сыртында калбашы керектигин баса белгиледи.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү