Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр жана реформалар тууралуу маалымат укту

15-09-2023
14:13

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы жыйында Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо тармагынын абалы, көйгөйлөрү жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат укту.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ден соолукту коргоо жана чыңдоо, жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясаттын аткарылышы, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Талкууда депутат Айбек Маткеримов саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларды ишке ашыруу, санариптик чечимдер, оорулардын алдын алуу маселелерине токтолуп, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчүнө өзгөчө көңүл бурду.  Депутат Гүлшаркан Култаева онкологиялык ооруларды сапаттуу текшерүү жана дарылоо, дары-дармектерди сертификациялоонун тартибин көтөрдү. Депутат Алишер Козуев саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрдык дайындоо маселесине токтолду. Депутат Надира Нарматова оорукананын имараттарынын абалына көңүл буруп, медициналык имараттарды капиталдык оңдоодон өткөрүү маселесин кошумчалады. Депутат Таалайбек Сарыбашов Ош шаарындагы онкологиялык борбордун эски имаратын жаңылоо жана диагностикалык жабдуулар менен камсыздоо зарылдыгына көңүл бурду. «Бул борборго өзгөчө көңүл бурушубуз керек», - деген Т.Сарыбашов кесипкөй медициналык кадрларды даярдоо керектигин кошумчалады.

Депутат Кундузбек Сулайманов Токтогул районунун тургундарынын саламаттыгын сактоо багытындагы көйгөйлөрдү көтөрдү. Бул тармакты санариптештирүү маселеси боюнча депутат Талайбек Масабиров оору тарыхын электрондук түрдө киргизүүгө өтүү, ошондой эле медициналык мекемелерди компьютердик томография жана башка медициналык жабдуулар менен камсыздоо маселесин көтөрдү. Депутат Камила Талиева оорулардын алдын алууга, эне жана ымыркай өлүмү боюнча статистикага өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Депутат Мейкинбек Абдалиев дарылоонун кымбат түрлөрү, трансплантация, жаш дарыгерлерге депозиттер боюнча суроолорду көтөрдү. Депутат Жаныбек Кыдыкбаев саламаттыкты сактоо тармагында мурда башталган реформаны улантуу маселесин тактап, ооруканага кабыл алууда дарыгерлер бейтаптарды жеке лабораторияларга, дарыканаларга жөнөтүп жатканын кошумчалады. Жыйынды жыйынтыктап жатып, Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында тез жардам унааларын сатып алуу керектигин айтып, «Бул маселени көзөмөлгө алыңыз», - деп белгиледи Б.Сыдыков. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, бардык тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү