Бүгүн, 15-сентябрдагы Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу маселелер каралды.
Тагыраагы, фракциялык жыйындын жүрүшүндө күз-кыш мезгилдерине республиканы электр энергиясы менен камсыздоодо ГЭСтердин жана суунун абалы; альтернативдик электр энергиясы менен камсыздоо; калкты, билим берүү мекемелерин, саламаттыкты сактоо жана башка бюджеттик уюмдарды жылуулук системасы жана көмүр менен камсыздоо; көмүргө болгон баа саясатын туруктуу кармап туруу маселелери талкууланды.
Муну менен катар күзгү дан себүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат угулду.
Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, «Электр станциялары» ААК тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 8 672,7 млн кВт\саат түзүп. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 834,5 млн кВт\саат көп болгон.
Т.Ибраев кошумчалагандай, 2023-жылдын 6-сентябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,416 млрд м3 түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,921 млрд м3 аз.
Жалпысынан депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, энергетика министри Т.Ибраев кышка даярдык жакшы экенин жана министрликтин бардык күч-аракети суунун азайышы, электр энергиясына болгон муктаждыктын жогорулашы, жабдуулардын эскириши сыяктуу объективдүү факторлорду жоюу үчүн кошумча генерациялоочу кубаттуулуктарды өнүктүрүүгө багытталганын айтты.
Алсак, талкуу маалында депутат Чолпон Султанбекова альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүү энергетиканын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенинин белгилеп, суунун, күндүн, шамалдын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча долбоорлорго инвестиция тартуу зарылдыгына көңүл бурду.
Ал эми эл өкүлү Миргүл Темирбаева ГЭС курууну көздөгөн ишкерлерге кандай шарттар түзүлгөнүнө кызыкты. Буга Т.Ибраев инвесторлорго 15 жылдык жеңилдетилген мөөнөт берилгенин, электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүктөр каралып, жер тилкелерин берүүдө да жеңилдиктер бар экенин маалымдады. Мындан тышкары, депутат көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жер семирткич менен камсыздоо, ошондой эле суткалык жөнгө салуу бассейндерин тейлөө жана коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине токтолду.
Өз кезегинде депутат Сүйүнбек Өмүрзаков күз-кыш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү, мисалы, калкка жардам көрсөтүү үчүн мобилдик топторду түзүү сунушун айтты.
Депутат Бахридин Шабазов жылытуу мезгилинде күчөгөн түтүн көйгөйүнө көңүл бурса, эл өкүлү Марат Мураталиев жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү маселесин ортого салды. Депутат Айсаракан Абдибаева Бишкектин жаңы конуштарды, ошондой эле аймактарды газдаштырууну тездетүүгө чакырды.
Жыйындын соңунда фракция лидери Улугбек Ормонов отундун бардык түрлөрүн даярдоо боюнча маалыматтарды тактап, ошондой эле белгиленген иштерди өз убагында графикке ылайык бүтүрүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, ал күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилигине көңүл бурду.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү