Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков 2023-жылдын 11-14-сентябрында Таиланддын Бангкок шаарындагы өтүп жаткан «Азия баалоо жумалыгы-2023» эл аралык форумуна (АБЖ) катышууда.
Быйылкы жылдагы форум "Калыбына келтирүүдөн тышкары өнүгүүнүн натыйжалуулугун баалоо" темасынын алкагында уюштурулуп, туруктуулук, инклюзивдик өнөктөштүк жана баалоодогу инновациялар багытында сессиялар пландалган.
Сессия учурунда өкмөттүк маалымат системаларын бекемдөөчү сурамжылоону ишке киргизүү жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн куруунун жагдайы талкууланды. Мындан тышкары, иш-чарада жашылдандырууну өнүктүрүү саясатын баалоо максатында улуттук климаттык реакцияларды бекемдөө үчүн иштеген бир катар негизги мисалдарга көңүл бурулду. Катышуучулар баалоону жашыл өнүгүү саясатына жана практикасына жайылтуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле ийгиликке жетүү үчүн колдонулуп жаткан тоскоолдуктарды аныктап, жашылдандырууну илгерилетүү үчүн баалоо жүргүзүлүүчү кадамдарды аныкташты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү