Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар Япониянын Ниигата префектурасынын экономикалык комиссиясынын башчысы Кияма Коу баштаган делегация менен жолугушту

15-09-2023
18:05

Бүгүн, 16-сентябрда Япония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров баштаган депутаттар Гүлшаркан Култаева, Марлен Маматалиев, Жылдыз Садырбаева, Алишер Козуев Япониянын  Ниигата префектурасынын экономикалык комиссиясынын жетекчиси Кияма Коу баштаган делегация менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров эки өлкө ортосундагы алака жылдан жылга жакшырып жатканына токтолуп, мындан ары да ар тараптуу тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

“Япония биздин негизги өнөктөш өлкөлөрүбүздүн бири. Эки тараптуу дипломатиялык мамилелер орун алгандан тартып достук жана кызматташтык мамилебиз чыңдалып келе жатат. Мага белгилүү болгондой, 2015-2021-жылдар аралыгында Япония эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан түрдүү долбоорлорго  268 млн АКШ доллары эсебинде колдоо көрсөтүлгөн. Ошондой эле “Бир айыл –бир продукт” долбоору өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн мисалы болуп саналат”,- деди Т.Масабиров.

Делегация жетекчиси Кияма Коу жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, өзү жетекчилик кылган бириккен ишканасы тууралуу айтып, кызматташуу багытында сөз кылды. “Кыргызстанга жасаган биздин биринчи сапарыбыз таанышуу жана пикир алышуу максатында болууда. Биз менен чогу келген 10 компаниянын өкүлү да кызматташууга кызыктар. Сиздерди Японияга келип кетүүгө чакырам-,” деди Кияма Коу.

Жолугушууда сөз алган депутат Жылдыз Садырбаева кыргыз жаштарын Японияда жумушка орноштуруу маселесине көңүл бурууга чакырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү