Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кенештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун комитетте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова тааныштырды.
Ал белгилегендей, мыйзам долбоору “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү, ошондой эле эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин натыйжалуу тутумун жаратуу үчүн мыйзамдагы боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан.
Депутат Жылдыз Садырбаева Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн жана район акимдеринин арасындагы аялдардын санын тактады. Маалыматта айтылгандай учурда министр кызматында эки аял болсо, район акимдеринин арасында аялдар жок. Комитет төрайымы Винера Раимбачаева 30%дык квота жумушка кабыл алууда сакталбай келе жатканына токтолду.
Соңунда комитет мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп беришти.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү