Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешев тааныштырды.
Анын айтымында, мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусуна жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербине карата тыюу салынган талаптарды, анын ичинде даярдоодо техникалык шарттардын талаптарына жооп бербеген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин пайдаланууга жана жайылтууга тыюу салуу сунушталууда. Техникалык шарттардын талаптарына жооп бербеген мамлекеттик символикаларды өндүрүүчүлөрдү гана эмес, ошондой эле мамлекеттик символдорду саткан же колдонгон адамдарды да жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.
Талкууда депутат Дастанбек Жумабеков талапка жана стандарттарга жооп бербеген мамлекеттик символдорду саткан же колдонгон адамдарды жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эместигин белгиледи. Ал техникалык шарттардын талаптарына жооп бербеген мамлекеттик символикаларды чыгарган өндүрүшчүлөр жоопкерчилик тартышы керектигин баса белгиледи. Депутат Коргонбай уулу Жусупбек айып пулдун көлөмүн тактады. Экономика жана соода министринин орун басары Чыңгыз Макешев жеке адамдарга жана юридикалык жактарга 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул салынарын билдирди.
Мындан тышкары, комитетте “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарынын жана айылдарынын кайра атоо жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (мындан ары – Мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы, Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы жана Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү