Бүгүн, 19-сентябрда Сеул шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмеси өтүүдө.
Кеңешмеге Төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары да катышып, түрдүү темаларда баяндама жасашты.
Алсак, "Борбор Азия менен Корея Республикасынын санариптик трансформация чөйрөсүндөгү кызматташтыгы" аталышындагы сессияда сөз сүйлөгөн депутат Бактыбек Чойбеков азыркы ааламдашкан доордо ар бир мамлекет маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө өзгөчө басым жасашы керектигин белгиледи.
"Эгерде санариптештирүү жараяны ийгиликтүү ишке ашса, адамзат цивилизациясы өнүгүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгары анык" – деген депутат Кыргызстандагы демократиялык реформаларды жүргүзүүгө, жаңы технологияларды колдонуу менен ачык-айкын шайлоолорду өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн Корея Республикасына ыраазычылык билдирди.
"Бизге Корея Республикасын санариптештирүү жаатындагы тажрыйбасы өтө маанилүү. Мындан ары да мамлекетибиздеги маанилүү тармактардын бардыгын санариптештирүү максатында Кореянын алдыңкы тажрыйбасынан пайдаланууга кызыкдарбыз. Кыргызстан башкаруу тутумуна маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча чоң максаттарды койгон. Санариптик трансформациянын негизги артыкчылыктуу багыттары концептуалдык документтерде белгиленген. Алардын катарында 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында санариптештирүүгө өзгөчө басым жасалган",– деди Бактыбек Чойбеков.
Сөзүнүн аягында мындай кеңешмелердин байма-бай өткөрүлүшү кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрөрүн айткан депутат айрыкча парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык бардык багыттагы байланыштарды өнүктүрүүгө оң таасир берерин кошумчалады.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү