Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү ушул үстүбүздөгү 2023-жылдын 12-сентябрына карата 11,535 млрд. метр кубду түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бүгүнкү, 19-сентябрдагы жыйынында айтылды. Анткени, бул ирет Энергетика министрлигинин Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча маалыматы тааныштырылган эле. Андагы баяндалгандар тууралуу түшүндүрмө берип, Жогорку Кеңеш депутаты, аталган тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Кундузбек Сулайманов ушул эле күнү “Парламент” радиосунда болду.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруп, пайдаланууга бергенибизде электр энергиясынын каатчылыгынан чыгабыз. Ички муктаждыктар жабылып, ал тургай сыртка электр энергиясын экcпорттоонун мүмкүнчүлүктөрү да ачылат”, — дейт депутат.
“Эгемендиктин 30 жылы ичинде ири ГЭСтерибизди толук кандуу ишке киргизип албагыныбыз өкүндүрүүдө. Бирок, ага карабай ишти илгерилетүү аракеттери колго алынып жатканы келечекке чоң үмүт арттырат. Энергетика министрлигинин маалымдашынча, өз күчүбүз менен “Камбар-Ата 2” ГЭСинин экинчи агрегатын курууга кудуретибиз жетет. Бул жакшы маалымат. Жыйынтыктай келгенде, "Камбар-Ата 1" ГЭСин куруу аркылуу энергетикадагы көп көйгөйлөр чечилет" ”, -деди К.Сулайманов.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү