Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Эльвира Сурабалдиева көзү азиздердин жөлөк пул маселесине көңүл бурду

21-09-2023
11:16

Бүгүн, 21-сентябдагы “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Талайбек Масабиров Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Олимпиада оюндарына жолдонмо алган балбан кыздарды куттуктап, алдыда чыга турган спортчуларга ийгиликтерди каалады. Ошол эле учурда депутат спортчуларды даярдоо максатында 2023-жылга кошумча 50 млн сом бөлүп берүү маселесин чечүүнү айтты.

Ал эми, депутат Гүлшаркан Култаева Аксы районунун Коргон-Төбө айылындагы №14 Шеркулов атындагы орто мектебинин курулушун баштоого көмөк берүүнү суранды. Депутат Эльвира Сурабалдиева 1-топтогу майып,  көзү азиз жарандарга жөлөк пулдун суммасы көтөрүлбөй жатканына токтолуп, жанында коштоп жүрүүчүлөргө муктаждыгы боюнча бул топтогу жарандардын жагдайын  белгиледи.  

Депутат Нилуфар Алимжанова Бишкек шаарында муниципалдык транспортту колдонууда 1-2-3-топтогу майыптарга жана аскер пенсионерлерине жеңилдик картасын алууга мүмкүнчүлүк түзүү маселесине көңул бурду. Ошондой эле, эл өкүлү Бишкектин Селекция айылында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу катталган чуулгандуу окуяга кайрылып, укук коргоо органдарынын алдын алуу иш-аракеттерин сындады.

Депутат Дастан Жумабеков кант кызылчасын кабыл алуу жайларындагы шарттарды жакшыртуу маселесине токтолуп, казак темир жолу аркылуу айыл чарба продукцияларын үзгүлтүксүз жөнөтүү максатында сүйлөшүүлөрдү алып барууну табыштады.  

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү