Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастанбек Джумабеков аймактардагы күзгү түшүм жыйноо маселесине токтолду.
Алсак, тиешелүү жетекчилерди жана кант заводдорунун өкүлдөрүн дыйкандардан кант кызылчасын кабыл алуу үчүн бардык шарттарды түзүп, аларга жакшы мамиле кылууга чакырды.
Ал эми эл өкүлү Медербек Алиев айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү коррупцияга токтолуп, бул жаатта ачыктыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Айгүл Айдарова импорттук товарларды көзөмөлдөө үчүн бажы постторун бардык керектүү жабдыктар менен жабдууну сунуштады. Тактап айтканда, Чалдовар постунда рентген аппаратынын жоктугун айтты.
Депутат Фарходбек Алимжанов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылында жаңы мектеп куруу керектигин белгиледи.
Мындан тышкары, депутат Улугбек Ормонов мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча мэриянын ишмердүүлүгүнө токтолуп, мэрия өзү курулушка уруксат берген талаштуу маселелер көп экенин айтты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү