Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргызстанга Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын делегациясы расмий сапар менен келди

21-09-2023
12:20

Бүгүн, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Тышкы иштер боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Хао Пин башында турган делегация расмий сапар менен келди.  

Расмий визиттин алкагында Кытай парламенттик делегациясы "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы курман болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коюу аземи болуп өттү.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов башында турган мүчөлөрүнүн Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр  жыйынынын Тышкы иштер боюнча комиссиясынын өкүлдөрү менен расмий жолугушуусу пландаштырылууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү