Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Максатбек Сарбагышев «Аймактарды өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты» аттуу республикалык кеңешмеге катышты

21-09-2023
12:46

Бугүн, 21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Максатбек Сарбагышев «Аймактарды өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты» аттуу республикалык кеңешмеге катышты. Иш-чара Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айыл аймагында уюштурулду.

Аталган кеңешмеге ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов, жергиликтүү жетекчилер жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн депутат Максатбек Сарбагышев, жети дубандан чакырылган айыл өкмөт башчылардын иштерине ийгилик каалап, кыргыз мамлекетинин эртенки келечеги үчүн талыкпай кызмат кылып келатканын баса белгиледи. «Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен тыгыз иштеп, маселелерди жеринде ыкчам чечүү бул Сиздердин колуңуздарда, андыктан ар бир мамлекеттик иштердин башталышы бул сиздерден ишиңиздерге көз каранды», - деди депутат.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү