Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Туризм жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды

21-09-2023
13:14

Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Туризм жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов тааныштырды.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасына Евразия экономикалык бирлигинин алкагында туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун толук кандуу катышуучусу болууга мүмкүндүк берүүчү укуктук негиздерди түзүүгө багытталган.

Мыйзам “Туристтик ресурстардын жана туристтик ишмердиктин субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестри” деген 4-1-берене менен толукталат. Бул толуктоо республиканын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык келтирүүгө багытталган.

Талкуу учурунда депутат Дастанбек Жумабеков аталган мыйзам долбоору ички туризм тармагына кедергисин тийгизерин белгилеп, кичи конок үйлөрүн милдеттүү мамлекеттик бирдиктүү ресстрге киргизүү мүмкүн эместигин белгиледи. Депутат Русланбек Жакышов быйылкы жылы өлкөгө четтен келген туристтердин санын тактап, туристтерди тартууга багытталган иш-чаралардын планына жана тейлөө жайларынын шарттарына кызыкты.

Ал эми, депутат Алишер Эрбаев мыйзам долбоорундагы кээ бир редакциялык каталарга көңүл бурса, депутат Жаныбек Кыдыкбаев туризм тармагына сырттан инвестиция тартуу жагдайына кызыкты. Депутат Гүлшаркан Култаева туристтик жайларындагы тазалык маселесин көтөрүп, аны ижарада иштеткен тараптарга тазалыкты камсыздоо жагын милдеттендирүүнү сунуштады. Депутат Нуржигит Кадырбеков өлкөдө туристердин коопсуздугун камсыздоо багытында аткарылып жаткан иш-аракеттерди сурап, тейлөө маданиятын жогорулатуу багытында министрликтин демилгелерин тактады. Депутат Жанарбек Акаев туристтерди тартуу жагында визасыз режим киргизүү иш аракеттерин кеңейтүү жагдайына токтолуп, бул багытта Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн артта калып жатканын мисал келтирди.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Ошондой эле, жыйында “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоого ээ болду.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү