Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов баяндама жасады.
“Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтолмо фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабы “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына карама-каршы келет. “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн же түзүлүп жаткан бардык акционердик коомдорго карата колдонулат.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу максатында “Кыргыз Республикасындагы пенсиялык топтолмо фонддор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Мыйзамдын долбоору менен
19-берененин 4-бөлүгүндөгү “баалуу кагаздарды чыгарууга укугу жок” деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев, Кундузбек Сулайманов мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу керектигин, анткени пенсиялык топтоо каражаттары үчүн тобокелчиликтер бар экенин белгилешти. Анткени, депутаттар пенсиялык топтоо каражаттары мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болушу керек деп эсептешет. Депутат Нилуфар Алимжанова пенсиялык каражаттардын сакталышы үчүн жоопкерчилик жана кепилдик маселесин көтөрүп, бул мыйзам долбоорун колдоого албай турганын билдирди. Депутат Гуля Кожокулова бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, пенсиялык топтоолорду баалуу кагаздарды чыгаруу үчүн колдонууга болбой тургандыгын баса белгиледи.
Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда четке кагышты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү