Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берип, бүгүн 21-сентябрда Жогорку Кеңеш депутаты Надира Нарматова “Парламент” радиосунда болду.
Демилгечинин баяндашынча, жергебизде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш.
Талкуудагы мыйзам долбоорунда өз ишин Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү – филиалдары жана өкүлчүлүктөрү аркылуу жүзөгө ашырып жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте мамлекеттик катталуудан өтүүгө тийиш,- деп көрсөтүлгөн.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамдын 17-статьясынын жаңы редакциясында коммерциялык эмес уюмдун кирешелери жана түзүмү, ошондой эле алардын мүлкүнүн көлөмү жөнүндө, анын чыгымдары, кызматчыларынын саны жана курамы жөнүндө, алардын эмгегине төлөө, коммерциялык эмес уюмдун ишинде жарандардын акысыз эмгегин пайдалануу тууралуу маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт - деп көрсөтүлүүдө. Ошондон улам, мындай уюмдарды жылына бир жолудан көп эмес пландуу текшерүү жагы белгиленүүдө", - дейт Н.Нарматова.
“Сырттан каражат алып иштеп жаткан кайрымдуулук фонддору, диний секталар да бар. Бардыгы бирдей адилет отчеттуулуктан баш тартышпайт. Чет элдик каражаттарга таянып, мамлекеттин ички ишинде саясатка аралашуу алешемдикке алып келет. Мисалы, жаңы төрөлгөн ымыркайларга энесинин фамилиясын берүү, аял менен аялдын, эркек менен эркектин бүлө курушу кыргыз менталитетине туура келбеген нерсе. Анан ошондой жат көрүнүштөрдү көмүскөдө туруп алып, көндүмгө айландырабыз деген ниети бузуктарга эч качан жол бербешибиз керек. Ошондуктан, ар бир коммерциялык эмес уюмдун ишмердүүлүгү көзөмөлдө болсо, жашообуз кынтыксыз болот”, - деди депутат. Ошондой эле ал, - “Талкуудагы жогорудагы мыйзам долбоору буга чейин да “Бейөкмөт эмес уюмдар жөнүндө” деген аталыш менен демилгеленген. Бирок, эмдигиче колдоо таба албай келе жатканы өкүнүчтүү. Мыйзам долбооруна бут тоспой тезирээк кабыл алышыбыз керек. Демократиясы өнүккөн АКШда, Израилде, Россияда, Эстонияда, дагы башка бир катар мамлекеттерде мындай мыйзамдар бар. Андыктан, Кыргызстан да кечикпей, чечкиндүү чечим кабыл алууда кетенчиктей бербеши керек”, - деген оюн ортого салды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү