Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Альянс” фракциясынын жыйынында мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүгө багытталган маселелер талкууланды

22-09-2023
14:07

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кенештин “Альянс” парламенттик фракциясынын жыйыны өтүп, анда Социалдык фонддун өкүлдөрү менен бирге мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүгө, ишкер субъекттерин колдоого багытталган маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө жумуш орундарын түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 17,25 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталды. Себеби камсыздандыруу төгүмдөрүнүн пайызы жогору болгондуктан жумуш берүүчүлөр аны төлөөдөн качып, эмгек акынын бир бөлүгүн жашырып келүүдө.

Ошондой эле кызматкерлер төлөгөн 10 пайыз өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна толугу менен бөлүштүрүү сунушталды.  Бул учурда ар бир жумушчу үчүн топтолгон каражат ачык көрүнүп, турак-жайы жоктор ал топтолгон акчаны ипотекалык  батирлерди сатып алууда баштапкы төлөмгө колдоно алышат. Бул кызматкерлердин жумуш берүүчүлөрдөн расмий түрдө ачык-айкын айлык берүүнү талап кылууга шыктандырат.

Мындан сырткары, Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна топтолгон каражаттар ал жаран каза болгон учурда мураскорлору тарабынан иштетилүүсүнө шарт түзүлөт.

“Альянс” фракциясынын депутаттары бул чаралар ишкерлерди экономиканын көмүскө секторунан чыгарууга, «конверттердеги» жашыруун эмгек акыларды кыскартууга мүмкүндүк берген майнаптуу чара болуп саналарын билдиришип, тиешелүү чечимди бир добуштан колдошту. Бул багыттагы сунуш Министрлер кабинетине жолдонду. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү